# 48-статья. Ички бажы транзити жөнүндө кабарлоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2008 года № 196 "О внесении изменений и дополнений в Таможенный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205027)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587#diff=666161..666162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-48>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-48.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 48-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-48

---

1. Ички бажы транзитине ички бажы транзитинин жол-жоболоруна (мындан ары - жөнөтүүчү бажы органы) ылайык товарларды ташуу башталган иши жүргөн региондо бажы органына кабарлоо менен жол берилет.

2. Ички бажы транзити кайсы болбосун товарларды ташуучу, анын ичинде бажылык жүк ташуучу же экспедитор тарабынан (Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык транспорт экспедициясынын келишими боюнча аракеттенген жак) жүзөгө ашырылат, Эгерде экспедитор ата мекендик жак болуп, төмөнкү шарттарды сактаса:

1) Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан товарларды ташып кетүүгө же ал аймакка ташып келүүгө тийиштүүлүгүнө жараша тыюу салынбаганда;

2) ташылып келген товарларга карата, чегара жана мамлекеттик контролдун башка түрлөрү жүргүзүлгөндө, эгерде товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келген жерде алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мындай контролго алына турган болсо;

3) товарларга карата уруксат жана (же) лицензия берилгенде, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мындай товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагы боюнча орун которуштурууга аталган уруксат же лицензиялар бар болгондо жол берилген болсо;

4) товарларга карата ушул Кодекстин 50-статьясына ылайык ички бажы транзити үчүн зарыл болгон документтер жана маалыматтар берилгенде;

5) товарлардын идентификациясы камсыз кылынганда (51-статья);

6) эгерде товарлар бажы пломбалары жана мөөрлөрү астында ташылганда транспорт каражаттары талаптагыдай жабдылган болсо (52-статья).

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [47-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-47)  
Кийинки берене: [49-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-49)
