# 45-статья. Жүк жеткирилген жерге товарларды түшүрүү жана кайра жүктөө (оолаштыруу)

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 6-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2008 года № 196 "О внесении изменений и дополнений в Таможенный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205027)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587#diff=666161..666162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-45>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-45.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 45-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-45

---

1. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келген транспорт каражаттарынан товарларды түшүрүү жана кайра жүктөө (оолаштыруу) бажы органына товарларды жана транспорт каражаттарын көрсөтүүчү жерде ошол максаттар үчүн атайын арналган орундарда жүргүзүлөт.

2. Товарларды түшүрүүчү жана кайра жүктөөчү (оолаштыруучу) жерлер бажы контролунун зонасы болуп саналат. Аталган жерлер товарлардын сакталышын камсыз кылгыдай жасалууга жана жабдылууга тийиш жана жүк операцияларын жүргүзүүгө катышпаган жактар ал жерге киргизилбейт. Бажы органы товарлар түшүрүлүүчү жана кайра жүктөлүүчү (оолаштырылуучу) жерлердин жасалышына жана жабдылышына айкын талаптарды белгилейт.

3. Товарлар жоголгон болбосо алар үчүнчү жактарга бажы органдарынын уруксатысыз берилген учурларда бажы алымдарын, салыктарды төлөө үчүн жоопкерчиликти ушул Кодекске ылайык товарлар менен жүк операцияларын жүргүзгөн жүк ташуучу тартат.

Жүк ташуу операцияларын жүзөгө ашырган жак, эгерде кыйроодон же күч жеткис тоскоолдуктардын кесепетинен бүлүнүп же биротоло жоголгон болбосо табигый жол менен эскиришинин кесепетинен жана кемиген учурларда гана ташып келүүдө бажы алымдарын, салыктарын төлөө үчүн жоопкерчилик тартпайт. Жүк ташуучу бажы органдарынын уруксатысыз товарларды түшүрүү, кайра жүктөө, таңгактарды ачуу же кайра таңгактоо, товарларды идентификациялоонун каражаттарын өзгөртүү, алып салуу, жок кылуу же бузулгандыгы үчүн, эгерде мындай операциялар адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, жүк ташуу операциялары жасалган жерде товарлардын жана (же) транспорт каражаттарынын жок болушуна, жоголушуна, биротоло жоголушуна же олуттуу бузулушуна чындап коркунуч келтиргендиктин кесепетинен улам жасалгандыгын далилдесе, жоопкерчилик тартпайт.

4. Түшүрүлгөн, кайра жүктөлгөн (оолаштырылган) жерде турган товарлар убактылуу сактоодо турган статуска ээ болот. Убактылуу сактоо мөөнөтү өткөндөн кийин бажы органдары аталган товарларды ушул Кодекстин ХII бөлүмүнө ылайык тескейт.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [44-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-44)  
Кийинки берене: [46-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-46)
