# 44-статья. Документтерди жана маалыматтарды берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 6-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2008 года № 196 "О внесении изменений и дополнений в Таможенный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205027)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587#diff=666161..666162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-44>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-44.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 44-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-44

---

1. Товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгенге чейин же бир мезгилде келгенде жүк ташуучу бажы органына Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келинген жүк жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү.

2. Товарлардын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келишинде бажы органдары талап кылган маалыматтар бажы максаттарында товарлар менен транспорт каражаттарын идентификациялоо үчүн зарыл болгон маалыматтар менен гана чектелет жана транспорт жаатындагы Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдеринде каралган жүк ташуучунун кадимки транспорттук документтеринен турат. Аталган маалыматтарга төмөнкүлөр кирет:

товарлардын түрлөрү же аталыштары жөнүндө маалыматтар; товарлардын саны жөнүндө маалыматтар; товарлардын маркировкасы же таңгагы жөнүндө маалыматтар; транспорт каражатын идентификациялоого мүмкүндүк берген кыскача маалыматтар. Товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгенде жүк ташуучу бере турган маалыматтардын айкын тизмеги транспорттун түрүнө жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен нускама менен аныкталат.

3. Бажы органдары жүк жөнүндө декларация катары транспорт жаатында Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдеринде каралган жүк ташуучунун транспорттук документтерин кабыл алат.

4. Эгерде бажы органдары талап кылган маалыматтар транспорттук документтерде камтылбаса, товар жана транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтар жүк ташуучу же анын тапшыруусу боюнча башка жак түзгөн кошумча документтерди берүү жолу менен жүргүзүлөт.

5. Эгерде, документтер чет тилинде түзүлгөн болсо, бажы органдары зарыл болгондо ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды гана которууну талап кылат.

6. Жүк ташуучу ал ташып бараткан бардык товарлар жөнүндө маалыматтарды жүк тууралу декларацияда көрсөтүүнү, болбосо ушул статьянын 4-пунктунда каралган тартипте алар тууралу маалыматтарды бажы органдарына берүүнү камсыз кылууга милдеттүү.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [43-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-43)  
Кийинки берене: [45-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-45)
