# 43-статья. Товарлардын жана транспорттук каражаттардын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгендиги жөнүндө бажы органдарына кабарлоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 6-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 43-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-43

---

1. Жүк ташуучу товарлардын жана транспорт каражаттардын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгендиги жөнүндө бажы органдарына кабарлоого милдеттүү.

2. Товарларды аба, автомобиль жана темир жол транспорту менен ташууда товарлардын жана транспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгендиги жөнүндө кабарлоонун тартиби транспорт жана коммуникация жаатындагы ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

Караңыз: Товарларды автомобиль, темир жол, аба жана транспорттун башка түрлөрү менен ташууда товарлардын жана транспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгендиги жөнүндө билдирүүнүн тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-мартындагы № 123 токтому менен бекитилген)

Товарларды түтүк өткөргүч транспорту жана электр берүү линиялары боюнча ташууда товарлардын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгендиги жөнүндө кабарлоонун тартиби түтүк өткөргүч транспорту же электр берүү линияларынын ээсинин макулдугу менен ыйгарым укук берилген мамлекеттик органы тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [42-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-42)  
Кийинки берене: [44-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-44)
