# 41-статья. Товарлардын жана транспорттук каражаттардын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келишинин орду жана убактысы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 6-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2008 года № 196 "О внесении изменений и дополнений в Таможенный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205027)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587#diff=666161..666162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 41-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-41

---

1. Товарлардын жана транспорттук каражаттардын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келишине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган өткөрүү пункттарында жана бажы органдары иштеген убакытта жол берилет. Бажы органдарынын иштеши үчүн белгиленген убакыттан тышкары өткөрүү пункттарына товарлардын жана транспорт каражаттарынын келишине ал органдарга алдынала кабарлоо менен автомобиль өткөрүү пункттарын кошпогондо ал жерге белгиленген убакыттан тышкары келгендерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн уруксаты менен жол берилет.

2. Бажы чегарасынан өтүү жүк ташуучуга өткөрүү пунктуна же товарларды жана транспорттук каражаттарды бажы органына көрсөтүүчү жерге талап кылынган учурда, бажы органдары аныктаган маршрут боюнча мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө жеткирүү милдетин жүктөйт. Товарларды темир жол аркылуу ташууда маршрут белгиленбейт. Мында товарлардын абалын өзгөртүүгө же алардын таңгагын бузууга, ошондой эле коюлган пломбаларды, мөөрлөрдү жана башка идентификациялоо каражаттарын өзгөртүүгө, жок кылууга, алып салууга же бузууга жол берилбейт.

Электр өткөрүү линиялары жана түтүк өткөрүүчү транспорту боюнча өткөрүлүүчү товарлар үчүн товарларга жана транспорттук каражаттарга берилүүчү орунду аныктоо талап кылынбайт.

3. Контролдун натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү товарлардын айрым категорияларынын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келиши үчүн такталган өткөрүү пункттарын аныктоого укуктуу.

4. Ушул статьянын жоболору Кыргыз Республикасынын аймагындагы портторго же аэропортторго токтобостон, Кыргыз Республикасынын бажы аймагын кесип өткөн аба кемелери менен ташылган товарларга жайылтылбайт.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [40-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-40)  
Кийинки берене: [42-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-42)
