399-статья. Даттануу боюнча чечими
Күчүн жоготкон · 31.12.2014 редакциясы · 60-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 5 августа 2008 года № 196
1. Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча аны караган бажы органы:
1) бажы органынын же анын кызматкеринин чечимин, аракетин же аракетсиздигин укук ченемдүү деп табат;
2) бажы органынын же анын кызмат адамынын чечимин, аракетин же аракетсиздигин толугу менен же жарым-жартылай укукка жат деп табат.
2. Даттанылып жаткан чечим, аракет же аракетсиздик укукка жат деп табылган учурда аны карап жаткан орган:
бажы органы же анын кызматкери кабыл алган чечимди толугу менен же жарым-жартылай жокко чыгарат; бажы органы же анын кызматкери кабыл алган чечимди жокко чыгарат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аны жаңы чечим кабыл Мууга милдеттендирет же, эгерде аны кабыл алуу өзүнүн компетенциясына кирсе, мындай чечимди өз алдынча кабыл алат; бажы органынын же анын кызматкеринин аракетин же аракетсиздигин укукка жат деп табат жана жол берилген эреже бузууларды жоюу максатында жасалууга тийиш болгон иш-аракеттердин чөйрөсүн аныктайт, же, эгерде аларды жасоо өзүнүн компетенциясында болсо, мындай аракеттерди өз алдынча жасайт.
3. Даттанууну карап жаткан жак бажы органынын кызматкери өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарбагандыгынын же тиешелүү түрдө аткарбагандыгынын белгилерин тапканда бул кызматкерди белгиленген тартипте тартиптик жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрөт.
4. Ушул Кодекстин 398-статьясында белгиленген мөөнөттөрдө бажы органынын же анын кызматкеринин чечимине, аракетине же аракетсиздигине даттануу менен кайрылган жакка даттанууну кароонун натыйжалары боюнча кабыл алынган чечимдин көчүрмөсү жөнөтүлөт, ошондой эле ага даттануу тартиби түшүндүрүлөт.
5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул статьяга ылайык кабыл алынган даттанууну карап чыгуусунун жыйынтыгы менен макул эмес адам, кабыл алынган чечимдин көчүрмөсүн алган күндөн тартып 30 күндүн ичинде тиешелүү сот органына даттанууга укуктуу.
(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2004-жылдын 13-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйыны тарабынан каралган эмес
1996-жылдын 16-февралындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү", 1998-жылдын 21-октябрындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү", 2001-жылдын 24-декабрындагы № 112 "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-статьясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын редакциясындагы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 59-статьясынын 4-пунктуна ылайык жактырылган
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Акаев
Берененин тексти 31.12.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
399-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренеде аталган актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- О внесении изменений и дополнений в Конституцию Кыргызской РеспубликиЗакон · 16.02.1996 · № 1 · Күчүн жоготкон
- О внесении изменений в статью 5 Конституции Кыргызской РеспубликиЗакон · 24.12.2001 · № 112 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1587/st-399" title="399-статья - Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>