# 397-статья. Даттанууну кароочу органы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 60-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2008 года № 196 "О внесении изменений и дополнений в Таможенный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205027)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587#diff=666161..666162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-397>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-397.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 397-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-397

---

1. Бажы органынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата даттануу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан каралат.

Бажы органынын кызмат адамынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата берилген даттануу ал кызмат адамы кызмат өтөп жаткан бажы органы тарабынан каралат, ал эми бажы органынын жетекчисинин чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата берилген даттануу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан каралат. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине, аракетине же аракетсиздигине карата берилген даттануу жогору турган мамлекеттик орган тарабынан каралат.

2. Даттануу боюнча чечимди жогору турган органдын атынан бул органдын жетекчиси же ал ыйгарым укук берген адам кабыл алат. Мында даттанууну карап чыгуу чечимди кабыл алган, аракет же аракетсиздик кылган кызматкер же өзүнө карата төмөн турган кызматкер тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн эмес.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [396-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-396)  
Кийинки берене: [398-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-398)
