# 395-статья. Даттанууну карап чыгууга кабыл алуудан баш

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 59-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-395>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-395.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 395-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-395

---

тартуу үчүн негиздер

1. Даттануу карап чыгууга кабыл алынбайт, эгерде:

1) даттануунун белгиленген мөөнөттөрү сакталбаса жана жак өтүп кеткен мөөнөттү кайрадан калыбына келтирүү жөнүндө арыз менен кайрылбаса, же өтүп кеткен мөөнөттү кайрадан калыбына келтирүү тууралу арыз четке кагылган болсо (392-статья);

2) даттанууга кол коюлбаса же өзүнүн ыйгарым укуктарын тиешелүү тастыктабаган адам тарабынан кол коюлса;

3) даттануунун формасы жөнүндө же мазмуну тууралу талаптар сакталбаса;

4) жак ушундай мазмундагы даттануу менен буга чейин сотко кайрылган болсо жана мындай даттануу сот тарабынан карап чыгууга кабыл алынса же ал боюнча чечим чыгарылган болсо;

5) даттануунун жүйөсү бажы органына же анын кызматкерине тиешеси болгон чечим, аракет же аракетсиздик болуп саналса.

2. Даттанууну карап чыгууга кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө жакка бул тууралу чечим кабыл алынган күндөн тартып үч күндүн ичинде жазуу жүзүндө баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен кабарланат.

3. Даттанууну карап чыгууга кабыл алууудан баш тартуу жөнүндөгү бажы органынын чечими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сотко даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [394-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-394)  
Кийинки берене: [396-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-396)
