393-статья. Даттануунун формасы жана мазмуну
Күчүн жоготкон · 31.12.2014 редакциясы · 59-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184.
1. Даттануу жазуу жүзүндө берилет.
2. Даттанууда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
чечими, аракети же аракетсиздиги даттанылып жаткан бажы органынын аталышы же бажы органынын кызматкеринин кызмат орду, аты-жөнү (эгерде алар белгилүү болсо); даттануугу берген жактын аты-жөнү же аталышы, ал жашаган жер же турган орду; даттанылып жаткан чечимдин, аракеттин же аракетсиздиктин маани-маңызы; жак бажы органынын же анын кызматкеринин чечиминен, аракетинен же аракетсиздигинен улам өзүнүн укуктары менен эркиндиктери бузулду, аларды ишке ашырууга тоскоолдуктар түзүлдү же кандайдыр бир милдет мыйзамсыз түрдө жүктөлдү деп эсептешине негиз болгон жагдайлар.
3. Арыз ээси даттанууда көрсөтүлгөн жагдайларды тастыктаган далилдерди бербей кое алат. Эгерде мындай далилдерди берүү даттанууну карап чыгуу үчүн олуттуу мааниге ээ болсо, даттанууну карап жаткан орган аны берүүнү арыз ээсинен талап кылууга жана берүү үчүн мөөнөттү ага ушул жетиштүү болгон белгилөөгө укуктуу. Аталган учурда арыз ээси орган белгилеген мөөнөттө далилдерди берүүгө тийиш. Көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде далилдер берилбеген учурда, эгерде мындай далилдерди арыз ээсинин бербей коюушу даттанууну маани-маңызы боюнча карап чыгууга мүмкүндүк бербесе, даттануу каралбастан арыз ээсине кайра кайтарылат. Арыз ээсинин жүйөлөштүрүлгөн суроо-талабы боюнча далилдерди берүү мөөнөтү даттанууну карап жаткан бажы орган тарабынан узартылат.
Арыз ээси бажы органдарынын жана алардын кызматкерлеринин даттанылып жаткан чечимдеринин, аракеттеринин же аракетсиздигинин мыйзамсыздыгын далилдөөгө милдеттүү эмес.
Берененин тексти 31.12.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
393-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1587/st-393" title="393-статья - Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>