# 39-статья. Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын жүргүзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 39-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-39

---

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын жүргүзүүнү жүзөгө ашырган, башкача айтканда:

1) Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын эларалык негиздерин өзгөртүүгө жана толуктоого, ушунун негизинде чечмелөө боюнча эларалык түшүндүрмөлөргө жана чечимдерге көз салууну камсыз кылат;

2) аткаруу бийлигинин таламдаш мамлекеттик органдарынын катышуусу менен Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын иштеп чыгуу, өзгөртүү жана толуктоо жөнүндө сунуштарды даярдоону камсыз кылат;

3) Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын эталондук нускасын актуалдуу абалда сактайт;

4) аткаруу бийлигинин таламдаш мамлекеттик органдарынын катышуусу менен Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына түшүндүрмөлөрдү иштеп чыгат, ошондой эле аларды жарыялоону камсыз кылат;

5) Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын жүргүзүү үчүн зарыл болгон башка иш милдеттерин жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [38-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-38)  
Кийинки берене: [40-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-40)
