# 386-статья. Алдынала чечимди жокко чыгаруу же өзгөртүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 57-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-386>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-386.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 386-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-386

---

1. Эгерде алдынала чечим арыз ээси берген толук эмес же анык эмес маалыматтын негизинде кабыл алынган болсо жана эгерде толук жана так маалыматты бергенде башка алдынала чечим кабыл алынган болсо, мындай чечим жокко чыгарылат. Чечимди жокко чыгаруу алдынала чечим кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Алдынала чечимди өзгөртүү Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы өзгөргөн же алдынала чечимди кабыл алууда жол берилген каталар табылган учурда жүргүзүлөт. Өзгөртүү алдынала чечимди өзгөртүү жөнүндө чечимде көрсөтүлгөн мөөнөттө күчүнө кирет, бирок мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып кеминде эки айдан ашпайт.

3. Алдынала чечимди жокко чыгарган же өзгөрткөндө алдынала чечимди кабыл алуу үчүн жыйым кайра кайтарылбайт.

---

Мурунку берене: [385-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-385)  
Кийинки берене: [387-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-387)
