# 384-статья. Алдынала чечим кабыл алуу жөнүндө суроо-талап

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 57-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-384>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-384.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 384-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-384

---

1. Алдынала чечимди кабыл алууга таламдаш жак алдынала чечимди кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндө түзүлгөн суроо-талашы тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.

Суроо-талап алдынала чечимди кабыл алуу үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды камтууга тийиш. Мүмкүн болушунча суроо-талапты берүү менен бир эле убакта товарлардын сынамыктары жана үлгүлөрү, алардын сыпаттамасы, фотосүрөттөрү, сүрөттөрү, чиймелери, коммерциялык, техникалык жана алдынала чечимди кабыл алуу үчүн зарыл болгон дагы башка документтер берилет.

2. Эгерде арыз ээси алдынала чечимди кабыл алуу үчүн берген маалыматтар жетишсиз болсо, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы арыз ээсине кошумча маалымат берүү зарылчылыгы жөнүндө кабарлайт жана аны берүү үчүн мөөнөттү белгилейт. Белгиленген мөөнөттө кошумча маалымат берилбегенде алдынала чечимди кабыл алуу жөнүндө суроо-талап четке кагылат.

Алдынала чечимди кабыл алуу жөнүндө суроо-талап да четке кагылат эгерде алдынала чечимди чыгаруу мүмкүн болбосо. Суроо-талапты четке кагуунун себептери жөнүндө арыз ээсине жазуу жүзүндө кабарлайт. Суроо-талапты четке кагуу арыз ээси суроо-талашы четке кагууга негиз болгон себептер жоюлган шартта алдынала чечимди кабыл алуу жөнүндө кайталап кайрылышына тоскоолдук кылбайт. Ошол эле себеп боюнча кайталап кайрылганда алдынала чечимди кабыл алуу үчүн жыйым төлөнбөйт.

3. Алдынала чечим кабыл алынган учурда ал күчүндө болгон мезгилде арыз ээси ошол эле товар жагынан алдынала чечимди кабыл алуу жөнүндө суроо-талап менен кайрылууга укуксуз.

---

Мурунку берене: [383-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-383)  
Кийинки берене: [385-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-385)
