# 38-статья. Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 декабря 2014 года № 172 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205392)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587#diff=666170..666171>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 38-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-38

---

1. Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы - ал товардык позицияны, субпозицияны жана подсубпозицияны жана аларга тиешеси бар классификациялык (сандык) коддорду камтыган товарлардын классификатору. Тышкы экономикалык иштин Товардык номенклатурасынын ажыралгыс бөлүгү болуп, кандай деңгээлде болбосун классификациянын позицияларына карата эскертүүлөр ошондой эле Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын интерпретациялоонун Негизги эрежеси саналат.

2. Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы бажы - тарифтик жана тышкы сооданы тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын жана тышкы, экономикалык иштин башка түрлөрүн жүзөгө ашыруу, Кыргыз Республикасынын тышкы соодасынын бажы статистикасын жүргүзүү үчүн колдонулат.

3. Кыргыз Республикасында колдонулган Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын эларалык негизи болуп товарларды сыпаттоо жана код берүүнүн гармонизацияланган тутуму жана Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү Товардык номенклатурасы саналат.

(КР 2014-жылдын 30-декабрындагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-37)  
Кийинки берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-39)
