# 379-статья. Кабыл алынган чечимдин себептери, жасалган аракеттер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 56-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-379>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-379.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 379-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-379

---

же аракетсиздик жөнүндө маалымат алуу

Өзүнө карата бажы органы же анын кызматкери тарабынан чечим кабыл алынган же аракет жасалган жак, ошондой эле өзүнө карата чечим кабыл алынбаган же жасалууга тийиш болгон аракет белгиленген мөөнөттө жасалбаган жак чечим кабыл алынган, аракет жасалган же аларды кабыл алуу же жасоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып эки айлык мөөнөттө бул бажы органына кабыл алынган чечимдин же жасалган аракеттин болбосо чечим кабыл албоонун же аракеттерди жасабоонун себептери жана негиздери жөнүндө, эгерде бул ушундай жактын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын түздөн-түз жана жекече козгосо, ошол бажы органына суроо-талап менен кайрылууга укуктуу. Суроо-талап бажы органы тарабынан токтоосуз каралууга тийиш. Жазуу жүзүндөгү суроо-талап берилгенде жооп жазуу жүзүндө берилүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [378-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-378)  
Кийинки берене: [380-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-380)
