# 373-статья. Бажы органдарынын иши жөнүндөгү маалыматтарды коргоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 54-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-373>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-373.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 373-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-373

---

1. Бажы органдарынын кадрдык курамы жөнүндө, изин суутпай издөө ишин уюштуруу тактикасы, усулдары жана жүзөгө ашыруу каражаттары жөнүндөгү маалыматтарды камтыган документтер жана материалдар бажы органдарынын архивинде сакталууга тийиш.

2. Бажы органдарынын материалдары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын борбордук мамлекеттик архивинин архивдерине сактоого берилет.

3. Бажы органдарындагы мамлекеттик сырды жана купуя маалыматты коргоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык камсыз кылынат.

---

Мурунку берене: [372-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-372)  
Кийинки берене: [374-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-374)
