371-статья. Ок атуучу куралды колдонуу жана пайдалануу
Күчүн жоготкон · 31.12.2014 редакциясы · 53-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184.
Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдары акыркы чара катары ок атуучу куралды төмөнкү учурларда колдонууга укуктары бар:
1) Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин өмүрү жана ден соолугу коркунучка дуушар болгондо аларга кол салуунун мизин майтаруу үчүн;
2) Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарынын ок атуучу куралын тартып алуу аракетин мизин кайтаруу үчүн. Кыргыз республикасынын бажы органынын кызмат адамы кармалган адамдын ушул кызмат адамы көрсөткөн аралыкты кыскартуу аркылуу ок атуучу куралга жакындоого же мындай куралды жасалган аракети ушул куралды тартып алуу аракети катары каралат;
3) Кыргыз Республикасынын бажы органдарына тиешелүү болгон же алар пайдаланган имараттарга, жайларга, курулмаларга жана транспорттук каражаттарга, бажы контролдугу астындагы товарларга жана транспорттук каражаттарга топтошуп алып же куралдуу кол салуунун мизин майтаруу үчүн;
4) куралдуу каршылык көрсөткөн адамды, ошондой эле куралды тапшыруу жөнүндө мыйзамдуу талапты аткаруудан баш тарткан куралдуу адамды кармоо үчүн.
Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдары мындан тышкары ок атуучу куралдарды төмөнкүдөй учурларда колдонууга укугу бар:
1) эгерде транспорттук каражаттардын айдоочусу Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна ачык коркунуч келтирсе жана алардын токтотуу жөнүндө бир нече жолку талабына баш ийбесе, зыян келтирүү аркылуу аларды токтотуу үчүн;
2) Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарынын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген жаныбарларды зыянсыздандыруу үчүн;
3) ок атуучу куралды колдонуу ниети жөнүндө эскертүү, атайлап белги берүү же жардамга чакыруу үчүн.
Куралдуу каршылык көрсөтүү Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарынын өмүрүнө жана ден соолугуна, коркунуч келтирген куралдуу, топтошуп алып же башкача кол салуудан тышкаркы учурларда аялдарга, майып экени көрүнүп турган адамдарга жана жаш балдарга карата, ошондой эле адамдар көп топтошкон, башка адамдарга зыян келиши Мүмкүн болгон эгерде ок атуучу куралды колдонууга тыюу салынат. Ок атуучу куралды колдонуунун ар бир учуру жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамы Кыргыз Республикасынын бажы органынын начальнигине же анын ордун баскан адамга жазуу жүзүндө токтоосуз билдирет, алар курал колдонулган убакыттан тартып 24 сааттан кечиктирбестен прокурорго билдирет.
Берененин тексти 31.12.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
371-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1587/st-371" title="371-статья - Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>