# 369-статья. Атайын каражаттарды колдонуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 53-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-369>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-369.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 369-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-369

---

Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдары кол кишендерин, резина таяктарын, жаш агызуучу заттарды, имарат-жайды ачуучу шаймандарды, транспортту мажбурлап токтотуучу каражаттарды, башка атайын каражаттарды төмөнкүдөй учурларда колдонууга укуктуу:

1) Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлерине же башка адамдарга кол салуунун мизин майтаруу үчүн;

2) Кыргыз Республикасынын бажы органдарына тиешелүү болгон же алар пайдаланган имараттарга, жайларга, курулмаларга жана транспорттук каражаттарга, бажы контролдугу астында товарларга жана транспорттук каражаттарга кол салуунун мизин майтаруу үчүн, ошондой эле аталган объекттерди ээлеп алганда аларды бошотууга барабар болгон учурда;

3) эгерде бул адамдар баш ийбесе, каршылык көрсөтсө, башкача каршылык көрсөтсө же айланасындагыларга же өзүнө залал келтириши мүмкүн болсо, укук бузуучуларды кармоо, аларды Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызматтык жайына жеткирүү үчүн;

4) Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамына күч менен каршылык көрсөтүүнү четтетүү үчүн;

5) транспорттук каражаттын айдоочусу Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамынын токтотуу жөнүндөгү талабын аткарбаганда токтотуу үчүн;

6) Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамына жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруусуна атайылап тоскоолдук кылган башка учурларда.

Куралдуу каршылык көрсөтүүдөн, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, бажы контролдугу астындагы товарларга жана транспорттук каражаттарга коркунуч келтирүү менен топтошуп же башка түрдө кол салуудан башка учурларда, кош бойлуу экендиги көрүнүп турган аялдарга, майып экендиги билинип турган адамдарга жана жаш балдарга карата атайын каражаттарды колдонууга тыюу салынат. Кыргыз Республикасынын бажы органдарында пайдаланылуучу атайын каражаттардын толук тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [368-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-368)  
Кийинки берене: [370-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-370)
