# 367-статья. Бажы органдарынын кызмат адамдарынын күч, атайын

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 53-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-367>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-367.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 367-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-367

---

каражаттарды жана курал колдонушунун шарттары

Ушул Кодексте каралган учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдары кара күчтү, атайын каражаттарды Жана ок атуучу курал колдонууга укугу бар. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдары атайын даярдыктан, ошондой эле күч, атайын каражаттарды жана ок атуучу курал колдонуу менен байланышкан шарттардагы аракеттерге жарактуулугу жагынан мезгил-мезгили менен текшерүүдөн өтүүгө милдеттүү. Күч, атайын каражаттарды жана ок атуучу курал колдонгондо Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамы төмөнкүлөргө милдеттүү: курал колдонуу ниети жөнүндө эскертүүгө, мында күч, атайын каражаттарды же ок атуучу курал колдонууну создуктуруу өз өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирген, башка оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон, капыстан же куралдуу кол салуу, аскер техникасын жана транспорттук каражаттарды пайдалануу менен кол салуу учурларынан, же мындай эскертүү түзүлгөн кырдаалда орунсуз же мүмкүн эмес болгондой башка жагдайларда, өз талаптарынын аткарылышы үчүн жетиштүү убакыт берүүгө; денесинен жаракат алган адамдарга алгачкы жардамды камсыз кылууга жана болуп өткөн иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органынын начальнигине же анын ордун баскан адамга дароо кабарлоого; укук бузуунун жана аны жасаган адамдын коркунучтуулугунун, ошондой эле каршылык көрсөтүлгөн аракеттин күчүнүн мүнөзүнө жана даражасына жараша коркунучту жоюуда келтирилген кандай гана зыян болбосун азыраак болушуна умтулууга милдеттүү. Кыргыз Республикасынын бажы органынын начальниги же аны адам өлүмгө учуроонун же денеге оор залал келүүнүн бардык учурлары жөнүндө прокурорго токтоосуз кабарлоого милдеттүү. Күч, атайын каражаттарды жана ок атуучу куралды ыйгарым укуктарынын чегинен чыгуу менен колдонуу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген жоопкерчиликке кириптер кылат.

---

Мурунку берене: [366-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-366)  
Кийинки берене: [368-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-368)
