367-статья. Бажы органдарынын кызмат адамдарынын күч, атайын
Күчүн жоготкон · 31.12.2014 редакциясы · 53-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184.
каражаттарды жана курал колдонушунун шарттары
Ушул Кодексте каралган учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдары кара күчтү, атайын каражаттарды Жана ок атуучу курал колдонууга укугу бар. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдары атайын даярдыктан, ошондой эле күч, атайын каражаттарды жана ок атуучу курал колдонуу менен байланышкан шарттардагы аракеттерге жарактуулугу жагынан мезгил-мезгили менен текшерүүдөн өтүүгө милдеттүү. Күч, атайын каражаттарды жана ок атуучу курал колдонгондо Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамы төмөнкүлөргө милдеттүү: курал колдонуу ниети жөнүндө эскертүүгө, мында күч, атайын каражаттарды же ок атуучу курал колдонууну создуктуруу өз өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирген, башка оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон, капыстан же куралдуу кол салуу, аскер техникасын жана транспорттук каражаттарды пайдалануу менен кол салуу учурларынан, же мындай эскертүү түзүлгөн кырдаалда орунсуз же мүмкүн эмес болгондой башка жагдайларда, өз талаптарынын аткарылышы үчүн жетиштүү убакыт берүүгө; денесинен жаракат алган адамдарга алгачкы жардамды камсыз кылууга жана болуп өткөн иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органынын начальнигине же анын ордун баскан адамга дароо кабарлоого; укук бузуунун жана аны жасаган адамдын коркунучтуулугунун, ошондой эле каршылык көрсөтүлгөн аракеттин күчүнүн мүнөзүнө жана даражасына жараша коркунучту жоюуда келтирилген кандай гана зыян болбосун азыраак болушуна умтулууга милдеттүү. Кыргыз Республикасынын бажы органынын начальниги же аны адам өлүмгө учуроонун же денеге оор залал келүүнүн бардык учурлары жөнүндө прокурорго токтоосуз кабарлоого милдеттүү. Күч, атайын каражаттарды жана ок атуучу куралды ыйгарым укуктарынын чегинен чыгуу менен колдонуу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген жоопкерчиликке кириптер кылат.
Берененин тексти 31.12.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
367-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1587/st-367" title="367-статья - Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>