# 36-статья. Товар чыгарылган өлкөнү аныктоодо аны өткөрүү шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 36-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-36

---

1. Товар чыгарылган өлкөнү тастыктаган документтер жок болгон учурда же берилген документтер талаптагыдай жол-жоболоштурулбагандыгы жана (же) анык эмес маалыматтардан тургандыгы аныкталган учурда, бажы органы (41-глава), эгерде Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерине жана (же) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарларын Кыргыз Республикасына ташып келүүгө тыюу салынган өлкө товар чыгарылган өлкө болуп саналгандыгын көрсөткөн белгилер табылган учурларда товарды өткөрүүдөн баш тартат.

2. Товардын чыгарылган жери так аныкталбаган башка учурларда ушул Кодекстин 33-35-статьяларына ылайык товар кыйла оңтойлуу режим каралбаган соода-саясий мамиледе болбогон өлкөдөн чыгарылган товарларга карата колдонулуучу ставкалар боюнча бажы алымдарын төлөө менен өткөрүлөт.

3. Ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн товарларга карата бажы органы тарабынан бажы декларациясы кабыл алынган күндөн баштап бир жыл өткөнгө чейин ушул товар чыгарылган өлкө тастыкталган шартта кыйла ыңтайлуу режим же преференциялык режим колдонулат (калыбына келтирилет).

---

Мурунку берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-35)  
Кийинки берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-37)
