# 359-статья. Маалыматты жана маалымат процесстерине катышкан

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 50-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-359>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-359.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 359-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-359

---

субъекттердин укуктарынын маалыматын коргоо

1. Маалыматты, маалымат процесстерине жана маалыматташтырууга катышкан субъекттердин укуктарын коргоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

Коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сертификацияланууга тийиш болгон маалымат тутумдарын жана маалымат технологияларын камсыз кылуу каражаттары менен шайкеш болгон маалыматты коргоонун атайын программалык-техникалык каражаттарын кийирүү жана пайдалануу менен камсыз кылынат.

2. Маалыматты коргоо каражаты менен камсыз кылынган маалыматты коргоонун деңгээли маалыматтын категориясына ылайык келүүгө тийиш. Айрым категориядагы маалыматты коргоо деңгээлинин ылайык келиши карамагында маалымат ресурстары болгон бажы органдары тарабынан камсыз кылынат.

3. Маалыматты коргоого жана маалыматты коргоо каражаттарын пайдаланууга талаптардын сакталышына контролду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана дагы башка мамлекеттик органдар жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [358-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-358)  
Кийинки берене: [360-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-360)
