# 358-статья. Маалымат ресурстарынан пайдалануу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 50-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 марта 2009 года № 86 "О внесении дополнения в Таможенный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587#diff=666162..666163>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-358>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-358.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 358-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-358

---

1. Бажы органдарына караштуу болгон маалымат ресурстары, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык маалыматты алуу чектелүү болгон учурларды кошпогондо, ачык жана жалпыга жеткиликтүү болуп саналат.

2. Маалыматтарды алуу чектелүү болбогон учурларда жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аны бажы органдарынын маалымат ресурстарынан алууга укуктуу жана суралып жаткан маалыматтарды алуунун зарылчылыгынын аларга негиздөөгө милдеттүү эмес.

3. Бажы органдарына караштуу болгон маалыматтарды жактардын маалымат ресурстарынан алышынын тартиби аны ала турган жер, убакыт, негиздери жана шарттары ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасынын дагы башка укуктук актыларына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

4. Бажы органдарынын карамагында турган жана коммерциялык, банктык же мыйзам менен сакталуучу башка сырды камтыган маалыматтар базасына жетүү мүмкүнчүлүгү терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте берилет.

(КР 2009-жылдын 27-мартындагы № 86 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [357-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-357)  
Кийинки берене: [359-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-359)
