# 357-статья. Бажы органдарынын маалымат ресурстары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 50-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-357>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-357.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 357-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-357

---

1. Бажы Органдарынын маалымат ресурстары бажы жол-жоболорун жасоодо берилүүчү документтер жана маалыматтар, ошондой эле аларды жасоо үчүн зарыл болгон документтер түзөт.

Бажы органдарынын маалымат ресурстары деп документтештирилген маалыматтын уюштурулган жыйындысын түшүнүү керек, ал өзүнө бажы органдарынын , маалымат тутумдарында түзүлүүчү, иштетилүүчү жана топтолуучу маалымат базасын жана башка маалымат массивдерин камтыйт.

2. Бажы органдарынын маалымат ресурстары мамлекеттик менчик болуп саналат, мүлктүн курамына киргизилет жана бажы органдарынын компетенциясыда ылайык алардын карамагында болот.

3. Бажы органдарынын маалымат ресурстарынын ченемдик укуктук режими, анын ичинде маалыматты документтештирүү тартиби, аларды түзүү жана пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Финансы министрлигинин нускамасы тарабынан аныкталат.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган учурларда берилиши ушул Кодексте же ал белгилеген тартипте каралган документтер, анын ичинде бажы декларациясы маалымат алышуунун электрондук ыкмалары аркылуу аларды документтештирүү жөнүндө талаптарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген башка талаптарды сактоо менен берилиши мүмкүн.

5. Ушул статьянын жоболору Кыргыз Республикасынын маалымат, маалыматташтыруу жана маалыматты коргоо жөнүндө мыйзамдарында каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн демилгеси боюнча документтештирилген маалыматты милдеттүү түрдө берүүнүн негизинде мамлекеттик маалымат ресурстарын калыптандыруу учурларына жайылтылбайт.

---

Мурунку берене: [356-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-356)  
Кийинки берене: [358-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-358)
