# 355-статья. Маалымат тутумдарын, маалымат технологияларын жана

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 50-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2008 года № 196 "О внесении изменений и дополнений в Таможенный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205027)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587#diff=666161..666162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-355>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-355.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 355-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-355

---

аларды камсыз кылуу каражаттарын колдонуу

1. Ушул Кодексте каралган бажы операциялары маалымат тутумдарын жана маалымат технологияларын, пайдалануу менен анын ичинде маалыматты берүүнүн электрондук ыкмаларына негиздеген ошондой эле аларды камсыз кылуу каражаттарын колдонуу менен ушул главага ылайык жүргүзүлөт.

2. Бажы ишинде маалымат тутумдарын жана маалымат технологияларын пайдалануу бажы органдары жана тышкы экономикалык иштин катышуучулары үчүн экономикалык жактан пайдалуу жана натыйжалуу болууга тийиш.

3. Эсептөө техникасы жана байланыш каражаттарын пайдалануу менен маалымат тутумдарын жана маалымат технологияларын киргизүү тиешелүү эларалык стандарттарды эске алуу менен жүргүзүлөт.

4. Бажы ишинде:

бажы органдары тарабынан иштелип чыккан жана өндүрүлгөн же алар тарабынан мыйзамдуу негизде сатып алынган; үчүнчү жактардын менчигинде турган маалымат тутумдары, маалымат технологиялары жана аларды камсыз кылуу каражаттары колдонулушу мүмкүн.

5. Бажы органдары тарабынан иштелип чыккан жана өндүрүлгөн же алар тарабынан мыйзамдуу негизде сатып алынган маалымат тутумдары, маалымат технологиялары, ошондой эле аларды камсыз кылуу каражаттары мамлекеттик менчикте болот жана аталган продуктулар жагынан өз компетенциясынын чектеринде менчик укугу жүзөгө ашырган бажы органдарынын мүлкүнүн курамына кирет.

6. Бажы органдарынын үчүнчү жактардын менчигинде турган маалымат тутумдарын, маалымат технологияларын жана аларды камсыз кылуу каражаттарын пайдаланышына байланышкан мамилелери келишимдик негизде жүргүзүлөт.

7. Бажы ишинде колдонулуучу үчүнчү жактардын менчигинде турган маалымат тутумдары, маалымат технологиялары жана аларды камсыз кылуу каражаттары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген талаптарга ылайык келүүгө жана бажы операцияларын жүргүзгөн учурда бажы органдары пайдаланган ушундай продуктуларга батыша тургандай болууга тийиш. Маалымат тутумдарынын, маалымат технологияларынын жана аларды камсыз кылуу каражаттарынын белгиленген талаптарга ылайык келүү жүйөсүн бажы органдары текшерет. Мында аталган текшерүүнү жүргүзүү менен байланышкан чыгымдарга акы төлөө аны жүргүзүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылган жакка жүктөлөт.

8. Маалымат тутумдарын, маалымат технологияларын, ошондой эле аларды камсыз кылуу каражаттарын пайдалануу мүмкүнчүлүгү, бул продуктуларны колдонуу тартиби жана шарттары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [354-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-354)  
Кийинки берене: [356-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-356)
