# 352-статья. Тышкы сооданын бажы статистикасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 49-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-352>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-352.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 352-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-352

---

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин, Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган дагы башка мамлекеттик органдарды Кыргыз Республикасынын тышкы соодасынын абалы жөнүндө маалымат менен камсыз кылуу, мамлекеттик бюджетке бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнө контролдук кылуу, валюталык контролду жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын тышкы соодасынын абалын, кыймылын жана тенденцияларын, анын соода балансын жана бүтүндөй экономикасын талдоо максатында бажы органдары бажы чегарасы аркылуу алынып өтүлгөн товарлар тууралу маалыматтарды жыйноону жана иштеп чыгууну жүргүзүшөт, ошондой эле бажы статистикасынын маалыматтарын берип турушат. Ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган бажы статистикасынын маалыматтарын эларалык уюмдарга Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык беришет. Бажы органдары тышкы сооданын бажы статистикасынын маалыматтарын жарыялап турушат.

2. Кыргыз Республикасынын тышкы соодасынын бажы статистикасы ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.

3. Тышкы сооданын бажы статистикасы Кыргыз Республикасынын жана анын тышкы соода өнөктөрүнүн өз ара соодасынын маалыматтарын салыштырууну камсыз кылуучу усулдугуна ылайык жүргүзүлөт. Тышкы экономикалык иш жөнүндө даана (ТНВЭД 8 сандуу коддон кем эмес) жана статистикалык так кошмо маалыматтарды түзүү бажы органдарынын өтө маанилүү иш милдеттери болуп саналат. Ай сайын жана ар жылкы импорт жана экспорт боюнча отчеттор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Жогорку Кеңешине берилет жана тийиштүү мезгилден кийинки бир айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен коомчулук үчүн жарыяланууга тийиш. Ушул Кодекстин 50-главасына ылайык маалымат технологияларынын колдонулушуна эң жогорку мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек.

---

Мурунку берене: [351-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-351)  
Кийинки берене: [353-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-353)
