# 35-статья. Товар чыгарылган өлкөнү тастыкталган документтерди берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 декабря 2011 года № 257 "О внесении изменений и дополнений в Таможенный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203523)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 30.12.2011 [Закон КР от 30 декабря 2011 года № 257 "О внесении изменений и дополнений в Таможенный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203523); 26.03.2007 [Закон КР от 26 марта 2007 года № 39 "О внесении изменений в Таможенный кодекс КР"](https://aqlex.ai/kg/doc/202073)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587#diff=666166..666167>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 35-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-35

---

1. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына товарды ташып келүүдө товардын чыккан жери жөнүндөгү сертификат төмөнкү учурларда берилет:

1) эгерде ошол товар чыгарылган өлкөгө Кыргыз Республикасы өзүнүн эларалык келишимдерине же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тарифтик преференция берсе. Аталган учурларда тарифтик преференция Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдеринде же мыйзамдарында каралган белгилүү бир форма боюнча сертификат сунуш кылууда берилет;

2) эгерде бул Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдеринде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган болсо жана коомдук тартипти, моралды, адамдын өмүрүн жана ден соолугун, жаныбарларды, өсүмдүктөрдү жана жаратылыш айлана чөйрөсүн коргоо, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, интеллектуалдык менчик укугун коргоо, ошондой эле тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жөнгө салуунун тарифтик эмес чараларын сактоону камсыз кылуу үчүн зарыл.

2. Ушул статьянын 1-пунктунун жоболоруна карабастан, товар чыгарылган жер жөнүндөгү сертификатты көргөзүү төмөнкү учурларда талап кылынбайт эгерде:

Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келген товарлар Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерине же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарларын Кыргыз Республикасына ташып келүүгө тыюу салынган өлкө товар чыгарылган өлкө болуп саналгандыгынын белгиси бажы органдары тарабынан табылгандагыдан башка учурларда транзиттик же убактылуу ташып кетүү бажы режимдерине билдирилет; мындай товарлардын чыккан өлкөсү болуп саналбаган - ташып чыгуучу өлкөнүн аймагында мурда эркин жүгүртүүгө чыгарылган Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келүүчү товарлар; бир эле учурда бир эле ыкма менен бир эле жөнөтүүчү тарабынан бир кабыл алуучунун дарегине жөнөтүлгөн бажы чегарасы аркылуу өткөн товарлардын жалпы бажы наркы эсептешүү көрсөткүчүнөн 2500 эседен ашпаганда; Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдери же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган башка учурларда.

3. Эгерде товардын чыккан жери жөнүндөгү сертификатты берүү талап кылынбаса, ал чыгарылган өлкө товардын чыккан жери жөнүндөгү декларация менен тастыкталат (34-статья).

4. Бажы чегарасы аркылуу жеке жактар тарабынан товарды жөнөкөйлөтүлгөн, жеңилдетилген тартипте (28-глава) алып өтүүдө товар чыгарылган өлкөнү тастыктоочу документтерди көргөзүү талап кылынбайт.

(КР 2007-жылдын 26-мартындагы № 39, 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-34)  
Кийинки берене: [36-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-36)
