# 349-статья. Интеллектуалдык менчик объекттерин камтыган

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 48-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-349>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-349.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 349-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-349

---

товарларды контролдоо боюнча бажы органдарынын кошумча ыйгарым укуктары

Бажы органдары Реестрге киргизилбеген, интеллектуалдык менчик объекттерин камтыган товарларды чыгарууну мындай товарлар контрафактык товарлар экендигинин белгилери айкындалганда бажы иши боюнча ыйгарым укук берилген орган тарабынан аныкталуучу тартипте укук ээсинин өзүнүн укуктарын коргоо жөнүндө арызын талаптагыдай түрдө жол-жоболоштурбай туруп токтото турууга укуктуу. Аталган учурда бажы органдары укук ээсинен товарлар контрафактык товарлар экендигин тастыктоо үчүн өздөрү пайдалана турган кандай маалымат болбосун талап кыла алышат. Ушул статьяга ылайык товарларды чыгаруу токтотула турганда бажы органдары ал жөнүндө укук ээсине жана декларантка токтоосуз маалымдашат. Товарларды чыгарууну токтото туруу он жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөткө токтотулат. Бул мөөнөт укук ээсинин ал жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусу болсо дагы он жумуш күнүнө узартылышы мүмкүн. Бажы органдары товарларды чыгарууну Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин нускамасынын тартибинде ушул статьянын жоболоруна ылайык токтото турат.

---

Мурунку берене: [348-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-348)  
Кийинки берене: [350-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-350)
