# 348-статья. Чыгарууну токтото туруу жөнүндөгү чечимди

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 48-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-348>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-348.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 348-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-348

---

жокко чыгаруу

1. Эгерде чыгарууну токтото туруу жөнүндө чечим колдонулган мөөнөттүн ичинде:

1) арыз ээси бажы органына чыгарууну токтото туруу жөнүндө чечимди жокко чыгаруу тууралу өтүнүч менен кайрылса;

2) интеллектуалдык менчик объекти ушул Кодекстин 342-статьясынын 4-пунктуна ылайык Интеллектуалдык менчик объекттеринин реестринен чыгарылса;

3) ыйгарым укук берилген органдын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чыгарылган товарларды алып коюу, аларга камак салуу болбосо аларды конфискациялоо жөнүндө чечими берилбесе чыгарууну токтото туруу тууралуу чечим жокко чыгарылууга тийиш;

4) арыз ээси ушул Кодекстин 345-статьясынын 3-пункту менен белгиленген мөөнөттө милдеттенменин аткарылышын камсыз кылуу үчүн төлөбөсө.

Аталган учурларда товарлар бажы жагынан жол-жоболоштурууга жана ушул Кодексте аныкталган тартипте чыгарылып берилүүгө тийиш.

2. Чыгарууну токтото туруу жөнүндө чечимди жокко чыгаруу мындай чечим кабыл алган бажы органынын башчысы болбосо анын ордун баскан адам тарабынан жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [347-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-347)  
Кийинки берене: [349-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-349)
