# 347-статья. Маалымат берүү. Сынамыктарды жана үлгүлөрдү алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 48-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-347>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-347.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 347-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-347

---

1. Бажы органы арыз ээсине жана декларантка чыгарууну токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алынган товарлар контрафактык товарлар экендигин же андай товарлар эмес экендигин аныктоо үчүн зарыл болгон маалыматты берет.

2. Ушул статьяга ылайык арыз ээси же декларантка алган маалымат купуя маалымат болуп саналат жана ал тарабынан жарыяланууга, үчүнчү жактарга, ошоңдой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары да мамлекеттик органдарга берилүүгө тийиш эмес.

3. Бажы органынын уруксаты менен арыз ээси жана декларант болбосо алардын өкүлдөрү чыгарууну токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алынган товарлардын сынамыктарын жана үлгүлөрүн бажы контролдугу астында ала алышат жана аларга изилдөө жүргүзө алышат.

---

Мурунку берене: [346-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-346)  
Кийинки берене: [348-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-348)
