# 345-статья. Интеллектуалдык менчик объекттерин камтыган товарды

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 48-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-345>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-345.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 345-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-345

---

чыгарууну токтото туруу

1. Эгерде интеллектуалдык менчик объектилерин камтыган товарларга бажы жагынан жол-жоболоштуруу жана бажы контролун жүзөгө ашырган контрафакттуулуктун белгилери байкалса, аталган товарлар убактылуу сакталуучу кампаларга жайгаштырылууга тийиш жана мындай товарларды чыгаруу токтото турулат.

2. Товар чыгарууну он жумуш күндүк мөөнөткө токтото туруу жөнүндө чечимди бажы жагындагы жол-жоболоштурууну жүзөгө ашыруучу бажы органынын башчысы же алмаштыруучу жак кабыл алат. Көрсөтүлгөн мөөнөт арыз ээсинин суроо талабы боюнча узартылышы мүмкүн, бирок он жумуш күнүнөн ашпайт.

3. Бажы органы чыгарууну токтото туруу тууралу чечим кабыл алынгандан кийинки күндөн кечиктирилбестен мындай токтото туруунун себептери жөнүндө декларант менен арыз ээсин кабардар кылат, ошондой эле декларантка арыз ээсинин аталышын жана дарегин, ал эми арыз ээсине - декларанттын аталышы менен дарегин билдирет.

Арыз ээси кабарлаган учурда бажы органы арыз ээсинен милдеттенменин аткарылышын камсыз кылууну талап кылууга укуктуу. Арыз ээси товарларды чыгарууну токтото туруу жөнүндө кабарлоо алган күндөн тартып 3 жумуш күнүнүн ичинде милдеттеменин аткарылышын камсыз кылуу үчүн төлөшү керек.

4. Чыгарууну токтото туруу тууралу чечим кабыл алуунун, арыз ээси менен дакларантты кабыл алган чечим жана чыгарууну токтото туруунун мөөнөтүн узартуу жөнүндө кабардар кылуунун тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [344-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-344)  
Кийинки берене: [346-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-346)
