342-статья. Укук ээсинин арызын кароо тартиби
Күчүн жоготкон · 31.12.2014 редакциясы · 47-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 5 августа 2008 года № 196
1. Укук ээси же укук ээсинин таламдарын билдирүүчү дагы бир башка жак (мындан ары - арыз ээси) интеллектуалдык менчик жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, анын ою боюнча, контрафакттуу болуп саналган товарларды бажы чегарасы аркылуу ташып өткөндө же бажы контролдугу астында турган товарлар менен дагы башка аракеттер жасалганда аңын укуктарынын бузулган учурлары болушу мүмкүн же бузулду деп ойлой турган болсо, аталган укуктарын коргоо жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыз берүүгө укуктуу.
2. Арызда төмөндөгүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
1) укук ээси тууралу маалыматтар, эгерде арыз анын өкүлү тарабынан берилсе - өкүлү тууралу да;
2) реестрге киргизилүүгө тийиш болгон интеллектуалдык менчиктин объектин жана интеллектуалдык менчикти түзгөн товарлардын сыпаттамасын көрсөтүү;
3) жогоруда аталган интеллектуалдык менчиктин объектин түзгөн товарды өндүргөн уюм тууралу маалыматтар жана бул уюмдардын ыйгарым укуктарын тастыктаган документтер;
4) товарлардын өндүрүлгөн жери;
5) интеллектуалдык менчиктин жана укуктун таандуулугунун болушу жөнүндөгү маалыматтар.
Арызга интеллектуалдык менчиктин жана укуктун таандуулугунун болушун тастыктаган документтер (күбөлүк, лицензиялык келишим же интеллектуалдык менчик жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка документтер), зарылчылык болбогон учурда - анын таламдарын билдирүүчү жакка укук ээси тарабынан берилген ишеним кат тиркелет. Арыз бергенде аны менен кошо интеллектуалдык менчиктин объектин жана (же) контрафакттуу товарды түзгөн товардын үлгүсү да берилиши мүмкүн. Арыз ээси контрафакттуу товарларды, аны менен кошо анын укуктары бузулган болжолдуу күндү аныктоо жагынан бажы органдарына мүмкүндүк берүүчү дагы башка маалыматтарды бере алат.
3. Арыз берүү учурунда арыз ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга шектүү деп эсептелген товар контрафакттык эмес экени далилденсе, декларантка товарларды чыгарууну токтото турууга байланыштуу чыгымдардын жана келтирилген зыяндардын ордун толтуруу тууралуу милдеттенме берет. Чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө милдеттенменин формасы жана мазмуну, ошондой эле милдеттенменин аткарылышын камсыз кылуучу өлчөм Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен бекитилген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
4. Интеллектуалдык менчиктин объекти төмөндөгүдөй учурларда Реестрден чыгарылат:
- арыз ээси кайрылганда;
- интеллектуалдык менчиктин объектин Реестрге киргизгени үчүн жыйым төлөнбөгөн учурда же объектти коргоо мөөнөтүн узартып жибергенде;
- так эмес маалыматтарды берген учурда;
- соттун чечими менен.
(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 31.12.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
342-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1587/st-342" title="342-статья - Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>