# 339-статья. Бажы контролун жүргүзгөндө укукка жат зыян

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 46-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-339>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-339.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 339-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-339

---

келтирүүнүн жол берилбестиги

1. Бажы контролун жүргүзгөндө жүк ташуучуга, декларантка, алардын өкүлдөрүнө, убактылуу сактоо кампаларынын жана бажы кампаларынын ээлерине, алымсыз соода жүргүзүү дүкөндөрүнүн ээлерине жана бажы контролун жүргүзгөндө таламдары бажы органдарынын аракеттери (аракетсиздиги) жана чечимдери тарабынан козголгон дагы башка жактарга, ошондой эле товарларга жана транспорттук каражаттарга укукка жат зыян келтирүүгө жол берилбейт.

2. Бажы контролун жүргүзгөндө бажы органдарынын жана алардын кызматкерлеринин укукка жат аракеттеринен (аракетсиздигинен) улам келтирилген чыгымдардын орду толук көлөмүндө толтурулат, анын ичинде колдон чыгарылган пайданын (алынбай калган кирешенин) орду да.

3. Жактарга чыгым келтиргендиги үчүн бажы органдары жана алардын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик тартышат.

4. Бажы органдарынын кызматкерлеринин укукка ылайык аракеттеринен улам жактарга келтирилген зыяндын орду толтурулбайт, буга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлар кирбейт.

---

Мурунку берене: [338-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-338)  
Кийинки берене: [340-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-340)
