# 335-статья. Товарларды жана транспорттук каражаттарды

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 46-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-335>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-335.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 335-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-335

---

идентификациялоо

1. Бажы контролдугу астында товарларды жана транспорттук каражаттарды идентификациялоо үчүн пломбалар, мөөрлөр, тамгалуу жана дагы башка маркировка, идентификациялык белгилер, транспорттук, коммерциялык жана дагы башка документтер колдонулушу, штамптар коюлушу, товарлардын сынамыктары жана үлгүлөрү алынышы, товарлардын жана транспорттук каражаттарды толук сыпаттамасы жүргүзүлүшү, чиймелери түзүлүшү, масштабдуу сүрөттөрү, фотосүрөттөрү, иллюстрациялары жана идентификациялоонун башка каражаттары даярдалышы мүмкүн.

2. Идентификациялоо каражаттары бажы органдары тарабынан же алардын уруксаты менен гана жок кылынышы же өзгөртүлүшү (алмаштырылышы) мүмкүн, буга товарлардын жана транспорттук каражаттардын жок кылынышынын, кайра кайткыс түрдө жоголушунун же олуттуу бузулушунун реалдуу коркунучу бар болгон учурлар кирбейт. Идентификациялоо каражаттарынын өзгөргөндүгү, алып салынгандыгы, жок кылынгандыгы же бузулгандыгы жөнүндө бажы органына токтоосуз билдирилет жана аталган коркунуч бар экендигинин далилдери берилет.

3. Ушул статьянын 2-пунктунун жоболору бажы максаттары үчүн идентификациялоо каражаты катарында чет мамлекеттердин бажы органдары койгон пломбалар, мөөрлөр же башка идентификациялоо каражаттары колдонулган учурларга жайылтылат.

---

Мурунку берене: [334-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-334)  
Кийинки берене: [336-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-336)
