# 333-статья. Бажы контролун жүргүзгөндө бажы органдары тарабынан

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 46-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-333>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-333.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 333-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-333

---

жактар жөнүндө маалыматтардын чогултулушу

1. Бажы контролун жүргүзүү максаттарында бажы органдары бажы чегарасы аркылуу товарларды жана транспорттук каражаттарды ташып өтүү менен байланышкан тышкы экономикалык ишти жүргүзгөн же бажы контролдугу астында товарларга карата ишкердик менен байланышкан жактар жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде уюмдун уюмдаштыруучулары, мүлктүн курамы, уюмдун иши, анын ичинде тышкы экономикалык иштер чөйрөсүндөгү иши жөнүндө маалыматтарды, каттоо, турган жери, төлөө жөндөмдүүлүгү тууралу маалыматтарды, ошондой эле жарандардын жеке маалыматтарын, атап айтканда, аты-жөнү, туулган күнү жана жери, жынысы, жашаган жеринин дареги жөнүндө маалыматтарды чогултууга укуктуу.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда аталган жактар өздөрү жөнүндө бажы органдарында болгон документтештирилген маалыматты алууга анын толук жана ишенимдүү болушун камсыз кылуу максатында бул маалыматты тактоого укуктуу.

3. Жактар жөнүндөгү маалыматты чогултуу бажы органдары тарабынан бажы чегарасы аркылуу ташылып өтүүчү товарларды жана транспорттук каражаттардын бажы жагынан жол-жоболоштурууда, ошондой эле аталган маалыматты салык органдарынан, ички иштер органдарынан, мамлекеттик каттоону жүргүзгөн органдардан алуу жолу менен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка ыкмалар менен жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [332-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-332)  
Кийинки берене: [334-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-334)
