# 332-статья. Бажы контролунун белгилүү формаларынан бошотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 46-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-332>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-332.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 332-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-332

---

1. Бажы органдары тарабынан бажы контролунун белгилүү формаларын колдонуудан бошотулушу ушул Кодекске ылайык гана белгиленет.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана аны менен бирге бараткан анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке жүгү бажы жагындагы жеткире кароого алынбайт.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүнүн жеке жүгү бажы жагындагы жеткире кароого алынбайт, эгерде көрсөтүлгөн адамдар өздөрүнүн депутаттык же кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чегарасынан өтүп жатса.

4. Өз жолу менен кетип бараткан чет өлкөлүк аба кемелери жана аскер техникасы бажы жагындагы жеткире кароодон бошотулат.

5. Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерине ылайык бажы контролунун белгилүү формаларынан бошотуу бул келишимдер ратификациялангандан кийин жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [331-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-331)  
Кийинки берене: [333-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-333)
