# 329-статья. Экспертизаны дайындоодо жана жүргүзүүдө декларанттын,

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 45-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-329>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-329.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 329-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-329

---

товарлар жана транспорттук каражаттарга карата ыйгарым укуктарга ээ болгон башка жактардын жана алардын өкүлдөрүнүн укуктары

1. Экспертизаны дайындаганда жана жүргүзгөндө декларант, товарларга жана транспорттук каражаттарга карата ыйгарым укуктарга ээ болгон башка жак жана алардын өкүлдөрү төмөнкүдөй укуктарга ээ болушат:

1) экспертти четке кагууну жүйөөсү менен билдирүүгө;

2) айкын экспертти же уюмду дайындоо жөнүндө өтүнмө кылууга;

3) кошумча суроолор боюнча корутундуну алуу үчүн экспертке аларды коюу жөнүндө өтүнмө кылууга;

4) экспертиза жүргүзгөндө эксперттин макулдугу жана экспертизаны баштаган бажы органынын уруксаты менен катышууга жана экспертке түшүндүрмөлөрдү берүүгө;

5) эксперттин корутундусу же корутундуну берүү мүмкүн эместиги жөнүндө анын билдирүүсү менен таанышууга.

2. Декларанпын, башка жактын же алардын өкүлүнүн өтүнүчү канаттандырылган учурда экспертизаны дайындаган бажы органынын кызматкери тиешелүү токтом чыгарат же экспертизаны дайындоо жөнүндө өз токтомун өзгөртөт жана (же) толуктайт.

Өтүнмөнү канааттандыруудан баш тартылганда бажы органынын кызматкери өтүнмө берген жакка бул жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [328-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-328)  
Кийинки берене: [330-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-330)
