# 324-статья. Товарларды эсепке алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 44-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-324>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-324.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 324-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-324

---

1. Шарттуу чыгарылган товарларды камсыз кылуу максаттарында, ошондой эле ташып келүү же ташып чыгуу учурунда жана дагы башка бажы максаттары үчүн квота (анын ичинде тарифтик) белгиленген товарларга контролду бажы органдары бажы чегарасы аркылуу алынып өтүүчү товарлардын жана транспорттук каражаттардын эсебин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин нускамасында аныкталган тартипте жана формаларда ушул Кодекске ылайык бажы жагынан жол-жоболоштуруу жана бажы контролунун учурунда берилүүчү маалыматтардын негизинде жүргүзөт.

2. Шарттуу чыгарылган товарларды жана транспорттук каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланган жактар жана ушул Кодексте аныкталган дагы башка жактар алардын эсебин жүргүзүүгө жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин нускамасында аныкталган тартипте бажы органдарына отчет берүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [323-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-323)  
Кийинки берене: [325-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-325)
