# 322-статья. Товарларга атайын маркалар менен маркировкалоо,

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 44-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-322>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-322.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 322-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-322

---

аларга идентификациялык белгилерди коюу

1. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда бажы контролун бажы органдары товарлардагы (же алардын таңгагындагы) атайын маркаларды, идентификациялык белгилерди же аларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктоо үчүн пайдаланылуучу товарларды белгилөөнүн дагы башка ыкмаларынын бар же жоктугун текшерүү жолу менен жүргүзүлөт.

2. Товарлардагы атайын маркалардын, идентификациялык белгилердин же товарларды белгилөөнүн дагы башка ыкмаларынын жок болушу, эгерде мындай товарлары табылган жак же башка таламдаш жак андай эместигин далилдей албаса, бажы жагынан жол-жоболоштурууну жүргүзбөстөн жана товарларды чыгарбастан товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келүү фактысынын тастыкталышы катары каралат.

---

Мурунку берене: [321-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-321)  
Кийинки берене: [323-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-323)
