# 317-статья. Документтерди жана маалыматтарды текшерүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 44-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-317>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-317.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 317-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-317

---

1. Бажы органдары документтердин аныктыгын жана аларда камтылган маалыматтардын тактыгын аныктоо максатында ушул Кодекске ылайык товарларды жана транспорттук каражаттарды бажы жагынан жол-жоболоштурууда берилген документтерди жана маалыматтарды текшерет.

2. Бажы жагынан жол-жоболоштуруу жүргүзүлгөндө бажы органдарына берилген маалыматтардын ишенимдүүлүгүн текшерүү аларды башка булактардан алынган маалымат менен салыштыруу, атайын бажы статистикасынын маалыматтарын талдоо, программалык каражаттарын пайдалануу менен маалыматтарды иштетүү жолу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка ыкмалар менен жүргүзүлөт.

3. Бажы жагынан жол-жоболоштурууда бажы органы бажы декларациясында, берилген документтерде камтылган маалыматтарды текшерүү максатында жана дагы башка бажы максаттарында кошумча документтерди жана маалыматтарды суратууга укуктуу. Мындай документтерди жана маалыматтарды бажы органы жазуу жүзүндө суратат жана аларды берүү үчүн жетиштүү болгон мөөнөттү белгилейт.

4. Бажы жагынан жол-жоболоштуруу жүргүзүлгөн учурда берилген документтерди жана маалыматтары текшерүү товарларды чыгарууга тоскоолдук кылбайт (299-статья), буга бажы органы ушул Кодекстин 311-статьясынын 1-пунктунда белгиленген мөөнөттө жасалма же жараксыз документтерди, мыйзамсыз жол менен алынган документтерди, же башка товарларга тиешелүү документтерди, ошондой эле документтерде камтылган анык эмес маалыматтарды тапкан болсо, эгерде бул маалыматтар бажы органы товарларды чыгаруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө чечим кабыл алынышына, аларды суратылган бажы режимине жайгаштырууга жана (же) бажы төлөмдөрүн төлөөгө таасир этсе, мындай учурлар кирбейт.

5. Документтерди жана маалыматтарды текшерүүнү бажы органдары тандап текшерүү жолу менен жүргүзөт.

---

Мурунку берене: [316-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-316)  
Кийинки берене: [318-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-318)
