# 315-статья. Бажы контролу үчүн зарыл болгон документтерди

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 43-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 декабря 2011 года № 257 "О внесении изменений и дополнений в Таможенный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203523)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587#diff=666166..666167>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-315>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-315.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 315-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-315

---

жана маалыматтарды берүүнүн милдеттүүлүгү

1. Бажы чегарасы аркылуу товарларды жана транспорттук каражаттарды алып өтүүчү же бажы контролдугу астында турган товарлар жагындагы ишкердик менен алектенген жактар бул органдарга документтерди жана маалыматтарды берүүгө, анын ичинде бажы контролу үчүн зарыл болгон электрондук түрдөгүсүн берүүгө милдеттүү.

2. Бажы органы бажы контролу үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды жазуу жүзүндө жана (же) электрондук таризде суратат.

3. Документтерди жана маалыматтарды берүү талабы жөнөтүлгөн жак аларды бажы органына токтоосуз, ал эми аларды даярдоо же башка жактардан алуу зарылчылыгы болгон учурда - беш күндөн кечиктирилбестен жөнөтүүгө же берүүгө милдеттүү. Жактын жүйөлөштүрүлгөн кайрылуусу боюнча көрсөтүлгөн мөөнөт бажы органы тарабынан документтерди жана маалыматтарды берүү үчүн зарыл болгон убакытка узартылат.

4. Бажы контролу үчүн зарыл болгон документтерди жактар товарлар бажы контролунда турган статусун жоготкон жылдан кийин кеминде үч календардык жыл бою сактоого тийиш. Бажы брокерлери жана бажы контролдугу астында турган товарлар жагындагы ишкердик менен алектенген дагы башка жактар документтерди товарлар жагынан бажы жагынан жол-жоболоштуруу жүргүзүлгөн жылдан кийин беш календардык жыл бою сактоого тийиш.

(КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [314-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-314)  
Кийинки берене: [316-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-316)
