# 312-статья. Бажы контролдугу астында турган товарлар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 43-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-312>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-312.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 312-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-312

---

1. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келген товарлар бажы чегарасынан өткөн учурдан тартып Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгенде жана:

эркин жүгүртүү үчүн чыгарылганга; жок кылынганга; мамлекеттин пайдасы үчүн баш тартылганга же башкача ыкма менен алар мамлекеттик менчикке айландырылганга; Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен тышкары жакка иш жүзүндө ташылып чыгарганга чейин бажы контролунда турган статуска ээ болот. Бажы контролдугу астында турган товарларды пайдаланууга жана тескөөгө ушул Кодексте аныкталган тартипте жана шарттарда жол берилет.

2. Ата мекендик товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен тышкары жакка ташылып чыкканда бажы декларациясы берилген же товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары жакка ташып чыгуу ниетин жүзөгө ашырууга түздөн-түз багытталган башка иш-аракет жасалган учурдан тартып жана бажы чегарасынан өткөнгө чейин бажы контролдугу астында турган статуска ээ болот.

Ушул пункттун биринчи абзацынын жоболоруна карабастан, бажы органдары ушул бөлүмдө каралган тартипте бажы режимдеринин шарттарына ылайык ата мекендик товарларды же аларды иштетүүдөн алынган продуктуларды кайра ташып келүү жөнүндө жактардын милдеттенмелеринин аткарылышына контролдук кылат.

---

Мурунку берене: [311-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-311)  
Кийинки берене: [313-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-313)
