312-статья. Бажы контролдугу астында турган товарлар
Күчүн жоготкон · 31.12.2014 редакциясы · 43-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184.
1. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келген товарлар бажы чегарасынан өткөн учурдан тартып Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгенде жана:
эркин жүгүртүү үчүн чыгарылганга; жок кылынганга; мамлекеттин пайдасы үчүн баш тартылганга же башкача ыкма менен алар мамлекеттик менчикке айландырылганга; Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен тышкары жакка иш жүзүндө ташылып чыгарганга чейин бажы контролунда турган статуска ээ болот. Бажы контролдугу астында турган товарларды пайдаланууга жана тескөөгө ушул Кодексте аныкталган тартипте жана шарттарда жол берилет.
2. Ата мекендик товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен тышкары жакка ташылып чыкканда бажы декларациясы берилген же товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары жакка ташып чыгуу ниетин жүзөгө ашырууга түздөн-түз багытталган башка иш-аракет жасалган учурдан тартып жана бажы чегарасынан өткөнгө чейин бажы контролдугу астында турган статуска ээ болот.
Ушул пункттун биринчи абзацынын жоболоруна карабастан, бажы органдары ушул бөлүмдө каралган тартипте бажы режимдеринин шарттарына ылайык ата мекендик товарларды же аларды иштетүүдөн алынган продуктуларды кайра ташып келүү жөнүндө жактардын милдеттенмелеринин аткарылышына контролдук кылат.
Берененин тексти 31.12.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
312-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1587/st-312" title="312-статья - Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>