# 311-статья. Бажы жагынан жол-жоболоштурууда бажы декларациясын

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 43-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-311>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-311.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 311-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-311

---

жана дагы башка документтерди, товарларды текшерүү

1. Бажы жагынан жол-жоболоштурууда, алдынала жана дагы башка бажы ишин жүргүзүүдө бажы органдары бажы декларациясынын туура толтурулгандыгына жана берилген документтер белгиленген талаптарга ылайык келе тургандыгына ынануу үчүн зарыл болгон иш-аракеттерди жасайт. Товарларды декларациялоодо бажы декларациясын жана аны менен бир учурда берилүүчү башка документтерди текшерүү бажы органы бажы декларациясын кабыл алган күндөн тартып үч күндөн ашпаган мөөнөттө аяктоого тийиш. Алдынала жана башка бажы ишин жүргүзүүдө документтерди текшерүү ушул Кодексте каралган мөөнөттө же анда аныкталган тартипте жүргүзүлөт.

2. Товарлар чыгарылганга чейин бажы органдары товарлардын аталышы, чыгарылышы, саны жана наркы бажы декларациясында жана ушул Кодекске ылайык бажы максаттарында колдонулуучу башка документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык келе тургандыгын аныктоо үчүн зарыл болгон жол-жоболорду жүргүзөт. Товарларды текшерүү бажы органына алар берилген күндөн тартып үч жумуш күнүнөн кечиктирилбестен аяктоого тийиш.

---

Мурунку берене: [310-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-310-1)  
Кийинки берене: [312-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-312)
