# 310-1-статья. Тобокелдикти башкаруу тутумуна негизделген бажы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 43-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-310-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 310-1-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-310-1

---

контролунун принциптерин пайдалануу боюнча бажы органдарынын иштери

Бажы органдары бажы чегарасы аркылуу товарларды жана транспорттук каражаттарды өткөрүүгө байланышкан маалыматтарды жыйнайт жана иштеп чыгат, тобокелдикти башкаруу ыкмасын пайдалануу менен статистикалык жана оперативдүү маалыматтарды талдайт. Бажы чегарасы аркылуу товарларды өткөрүүгө чек коюуга негиз болбогон, бажы контролунун жиктелген формаларын пайдалануу үчүн бажы контролун өткөрүүдө пайдаланылган тобокелдиктин көрсөткүчтөрүнүн тизмесин аныкташат. Бажы ишинин маселелери боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган тартипте, адамдар минималдуу же максималдуу тобокелдик категориясына киргизилиши мүмкүн. Адамдарды минималдуу жана максималдуу тобокелдик категориясына киргизүү жана аларга карата бажы жол-жоболорунун жана бажы контролунун формаларынын башка түрлөрүн пайдалануу анализдин жана тобокелдикти баалоонун негизинде аныкталат. Бажы органдары адамдарды профилдөөнү жүргүзүү жана аларды категориялар боюнча бөлүү үчүн тобокелдикти башкаруунун ыкмаларынын негизинде төмөнкүдөй жол-жоболорду контролдоону жүргүзүшү керек:

1) бажы процедураларын өтүүдө артыкчылыкка ээ болгон, өз эрки менен, бажы мыйзамдарын сактаган;

2) жогорку даражадагы контролду талап кылган.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [310-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-310)  
Кийинки берене: [311-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-311)
