310-1-статья. Тобокелдикти башкаруу тутумуна негизделген бажы
Күчүн жоготкон · 31.12.2014 редакциясы · 43-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184.
контролунун принциптерин пайдалануу боюнча бажы органдарынын иштери
Бажы органдары бажы чегарасы аркылуу товарларды жана транспорттук каражаттарды өткөрүүгө байланышкан маалыматтарды жыйнайт жана иштеп чыгат, тобокелдикти башкаруу ыкмасын пайдалануу менен статистикалык жана оперативдүү маалыматтарды талдайт. Бажы чегарасы аркылуу товарларды өткөрүүгө чек коюуга негиз болбогон, бажы контролунун жиктелген формаларын пайдалануу үчүн бажы контролун өткөрүүдө пайдаланылган тобокелдиктин көрсөткүчтөрүнүн тизмесин аныкташат. Бажы ишинин маселелери боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган тартипте, адамдар минималдуу же максималдуу тобокелдик категориясына киргизилиши мүмкүн. Адамдарды минималдуу жана максималдуу тобокелдик категориясына киргизүү жана аларга карата бажы жол-жоболорунун жана бажы контролунун формаларынын башка түрлөрүн пайдалануу анализдин жана тобокелдикти баалоонун негизинде аныкталат. Бажы органдары адамдарды профилдөөнү жүргүзүү жана аларды категориялар боюнча бөлүү үчүн тобокелдикти башкаруунун ыкмаларынын негизинде төмөнкүдөй жол-жоболорду контролдоону жүргүзүшү керек:
1) бажы процедураларын өтүүдө артыкчылыкка ээ болгон, өз эрки менен, бажы мыйзамдарын сактаган;
2) жогорку даражадагы контролду талап кылган.
(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 31.12.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
310-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1587/st-310-1" title="310-1-статья - Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>