# 304-статья. Бажы брокеринин укуктары, милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 42-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-304>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-304.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 304-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-304

---

жана жоопкерчилиги

1. Бажы брокери өзү өкүл болгон жактын атынан кандай болбосун бажы жол-жоболорун жүргүзүүгө укуктуу.

Бажы брокери ага бажы органдары менен өз ара мамилелерде өзүнүн кызыкчылыктарын билдирүүгө ыйгарым укук берген жак сыяктуу эле укуктарга ээ.

2. Бажы жагынан жол-жоболоштуруунун, алдынала жана башка бажы ишин жүргүзүүнүн учурунда бажы брокеринин милдеттери товарларды бажы режимине же бажы жол-жобосуна жайгаштыруу үчүн зарыл болгон бажы жол-жобосу жагынан ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптар жана шарттар менен шартгалган. Мындай операцияларды жүргүзүү фактысы бажы брокерине бажы режиминин колдонулушунун аяктагандыгына байланышкан операцияларды жүргүзүү боюнча милдеттерди, ошондой эле ушул Кодекске ылайык товарларды алып өтүүчү жакка, ташып өтүүчүгө же башка аталган жакка гана жүктөлгөн башка милдеттерди жүктөбөйт.

3. Ушул Кодекске ылайык бажы декларациясы берилгенге чейин же аны берүү менен бир эле учурда төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн бажы брокери декларант менен бирдей жоопкерчилик тартат.

4. Бажы брокеринин бажы органдарынын алдындагы милдеттери жана жалпы жоопкерчилиги ал өкүлчүлүк кылган жак менен түзгөн келишим тарабынан чектелиши мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [303-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-303)  
Кийинки берене: [305-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-305)
