# 303-статья. Бажы брокеринин иши

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 42-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-303>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-303.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 303-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-303

---

1. Бажы брокеринин иши декларанттын же дагы башка таламдаш жактардын атынан алардын тапшыруусу боюнча бажы жагынан жол-жоболоштуруу, алдынала жана дагы башка бажы ишин жүргүзүү боюнча иш-аракеттерди жасоодон турат.

2. Бажы брокери ушул Кодекстин 252-статьясына ылайык товарлардын бажы жагынан жол-жоболоштуруу боюнча бажы ишин жүргүзүү учурунда өз милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылат.

3. Бажы брокери алдынала дагы башка бажы жол-жоболорунун жана бажы режимдеринин учурунда бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу жагынан ал өкүлү болгон жак үчүн бажы органдарынын алдында кепил катары чыгууга укуктуу.

4. Бажы ишин жүргүзгөн учурда бажы брокерине ушул Кодекске ылайык декларант же дагы башка жактар тарабынан бажы иши жүргүзүлгөн учурда белгиленгенден, талап кылынгандан анча оңтойсузураак шарттар белгиленүүгө же алда канча катуу талаптар коюлууга тийиш эмес.

---

Мурунку берене: [302-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-302)  
Кийинки берене: [304-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-304)
