# 3-статья. Бажы мыйзамдары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 3-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-3

---

1. Бажы мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделинет жана ушул Кодекстен, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдер жөнүндөгү мыйзамдары менен аныкталган тартипте Кыргыз Республикасында күчүнө кирген мамлекеттер аралык келишимдер жана башка эларалык укуктук ченемдик актылардан турат.

2. Бажы мыйзамдары товарлардын жана транспорт каражаттарын бажы чегарасы аркылуу өткөрүүдө, бажы төлөмдөрүн белгилөөдө, киргизүүдө, алууда пайда болгон мамилелерди, ошондой эле бажы документтерин жол-жоболоштуруу жана бажы контролун жүзөгө ашыруу - процессинде келип чыккан мамилелерди жөнгө салуу, бажы эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу жана бажы органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын актыларына, аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу чөйрөсүндө колдонулат.

3. Бажы ишинде ушул Кодекс жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен каралгандан тышкаркы учурларда бажы органдары тарабынан бажы декларациясы кабыл алынган күндө колдонулган мыйзам актылары колдонулат.

4. Салык болуп саналган бажы төлөмдөрүн белгилөө, киргизүү жана алуу боюнча мамилелерге карата бажы мыйзамдарынын Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен жөнгө салынбаган бөлүгү колдонулат.

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-4)
