3-статья. Бажы мыйзамдары
Күчүн жоготкон · 31.12.2014 редакциясы · 1-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184.
3-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 3-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Бажы мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделинет жана ушул Кодекстен, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдер жөнүндөгү мыйзамдары менен аныкталган тартипте Кыргыз Республикасында күчүнө кирген мамлекеттер аралык келишимдер жана башка эларалык укуктук ченемдик актылардан турат.
2. Бажы мыйзамдары товарлардын жана транспорт каражаттарын бажы чегарасы аркылуу өткөрүүдө, бажы төлөмдөрүн белгилөөдө, киргизүүдө, алууда пайда болгон мамилелерди, ошондой эле бажы документтерин жол-жоболоштуруу жана бажы контролун жүзөгө ашыруу - процессинде келип чыккан мамилелерди жөнгө салуу, бажы эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу жана бажы органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын актыларына, аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу чөйрөсүндө колдонулат.
3. Бажы ишинде ушул Кодекс жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен каралгандан тышкаркы учурларда бажы органдары тарабынан бажы декларациясы кабыл алынган күндө колдонулган мыйзам актылары колдонулат.
4. Салык болуп саналган бажы төлөмдөрүн белгилөө, киргизүү жана алуу боюнча мамилелерге карата бажы мыйзамдарынын Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен жөнгө салынбаган бөлүгү колдонулат.
Берененин тексти 31.12.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 627-т (2017-жылдын 11-апрелиндеги Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге…Распоряжение · 19.10.2023 · № 627-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 120-б (2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун жана 2017-жылдын…Распоряжение · 06.05.2019 · № 120-р
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы №747 "Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл жарым ай коому жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын…Постановление · 08.12.2009 · № 747 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1587/st-3" title="3-статья - Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>