# 296-статья. Убактылуу бажы декларациясы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 40-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-296>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-296.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 296-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-296

---

1. Түтүк өткөргүч транспортту пайдалануу же электр берүү линиялары боюнча товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары ташып чыккан учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин нускамасында аныкталган башка учурларда убактылуу бажы декларациясын берүү жолу менен товарларды алдынала декларациялоого жол берилет. Товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан иш жүзүндө ташып чыккандан кийин декларант бажы органы белгилеген мөөнөттө толук жана тиешелүү түрдө толтурулган бажы декларациясын берүүгө милдеттүү.

2. Убактылуу декларацияда белгилүү убакыттын ичинде болжолдуу сандагы товарларды ташып чыгуу ниетинде товарлардын санына ылайык аныкталуучу, бажы чегарасы аркылуу алып өтүүгө пландаштырылган жана (же) тышкы экономикалык бүтүмдүн шарттарында, товардын баасын аныктоо тартибинде, ошондой эле товардын болжолдуу сапатына карата каралган шарттуу бажы наркына (баасына) таянуу менен маалыматтарды билдирүүгө жол берилет.

Убактылуу бажы декларациясын колдонгон учурда экономикалык мүнөздөгү тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары бажы органы бул декларацияны кабыл алган күнгө карата колдонулат.

---

Мурунку берене: [295-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-295)  
Кийинки берене: [297-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-297)
